Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучулар үчүн маанилүү өзгөрүүлөр

 Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучулар үчүн маанилүү өзгөрүүлөр
Билим берүү уюмдарынын окуучуларына тиешелүү пенсиялык системадагы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду билдирет.
Эми билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги студенттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк окуу жайларда окугандар окуусун аяктаганга чейин, бирок 23 жашка чейин баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу.
Окуучулар 18 жашка чыкканга чейин маалыматкат тапшыруусуз эле баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алышат. Буга чейин маалымкат 16 жашка чыккандан кийин талап кылынчу.
18 жашка чыккандан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окуганыңызды тастыктаган документти тапшырышыңыз керек.
Бул өзгөртүүлөр баккан адамынан айрылган окуучуларды колдоого жана укуктарын коргоого багытталган.

Связанный пост