“Бакай-Ата” конушундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80% бүттү

Үй-бүлөлүк медицина борбору “Бакай-Ата” конушунун Ак-Талаа жана Анар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Бүгүнкү күндө терезелерди жана эшиктерди орнотуу, имараттын профилин  жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Медициналык мекемеде медиктер үчүн амбулотордук, диспетчердик бөлмөлөр жана медикаменттер үчүн кампа, ошондой эле ординатордук бөлмө каралган.

Мындан тышкары аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Курулуш иштери “Премиум Лидер” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.

Связанный пост