“Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун модернизациялоо жана иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде аны практикалык колдонуу процессинде аныкталган көйгөйлөрдү жана келип чыккан кемчиликтерди жоюу, мобилдик түзүлүштөрдү каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жолу менен коомдук нааразылыктын деңгээлин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана сапатын,жарандар үчүн тутумдун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кайра карап чыксын;
2) бул Жарлыкты ишке ашырууну, анын ичинде алдын ала маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн милдеттүү түрдө өткөрүү менен идентификациялоонун иштеп жаткан чет өлкөлүк операторун мамлекеттик же ата мекендик уюмга алмаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыгууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
1) Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун иштешине талдоону, анын ичинде идентификациялоонун учурдагы операторунун ишин баалоону жүргүзсүн;
2) талдоонун жыйынтыгы боюнча идентификациялоонун чет өлкөлүк операторунтутумдун туруктуулугун камсыз кылуу, жеке маалыматтарды коргоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жана санариптик эгемендигинин кызыкчылыктарын сактоо үчүн зарыл ресурстарга ээ болгон мамлекеттик же ата мекендик уюмга алмаштырууну демилгелесин.