Бахрейндин Падышасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бахрейн Падышалыгынын Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Ыйык Орозо айт майрамы менен Сизди чын дилимден куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Сизге
бекем ден соолук, бакубатчылык ал эми, боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.