БАЭден автоунааларды унаа тетиктери деген шылтоо менен алып кирүүгө аракет жасашкан. Келтирилген зыяндын суммасы 5 млн сомдон ашты

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле «Мега Логистик» БТЖнын кызматкерлери КР Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын 6-бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге бажы органына ТЭИ ТН коддорун бурмалап берилгени аныкталган.
БАЭден «Е.А.М.» алуучунун дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык бөлүктөрү товары келген. Бирок, бажылык тыкыр кароонун учурунда асты жагынан жарым-жартылай кесилген 10 даана көлөмүндө автоунаа табылган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унааларды өз багыты менен иштетүүгө жарактуулугу аныкталган.
«Эксперт Оценка» ЖЧК көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган автоунаалардын жалпы орточо базар баасы 15 691 000 сомду түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 5 345 645 сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост