БАЭдеги кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн экзаменсиз алмаштыра алат

 БАЭдеги кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн экзаменсиз алмаштыра алат

Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү экзаменсиз өз ара таануу жана алмаштыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, тиешелүү макулдашууга 2025-жылы 14-апрелде кол коюлган.

Эми БАЭде мыйзамдуу жашаган Кыргызстандын жарандары кошумча окуудан жана сынактан өтпөстөн, улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн БАЭ лицензияларына алмаштыра алышат. Ушундай эле мүмкүнчүлүк Кыргызстанда жашаган БАЭ жарандарына да берилет.

Бул макулдашуунун максаты жарандардын жүрүүсүн жөнөкөйлөтүү, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы ишенимди бекемдөө, транспорт жана жол коопсуздугу жаатында кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Алмашуу үчүн зарыл болгон документтер:

– Кыргызстандын БАЭдеги жарандары үчүн:

  1. Кыргызстандын жаранынын паспорту;
  2. БАЭде жашоого уруксаттын жарактуулугу;
  3. Улуттук айдоочулук күбөлүк;
  4. медициналык маалымкат.

– БАЭнин Кыргызстандагы жарандары үчүн:

  1. БАЭ жаранынын паспорту;
  2. Кыргызстанда жашоого уруксат;
  3. Улуттук айдоочулук күбөлүк;
  4. У-83 формасындагы медициналык маалымкат.

Белгилей кетчү жагдай, алмаштыруу учурунда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн түп нускасы алынбайт.

Кошумча маалыматты Кыргызстандын жана БАЭнин консулдук мекемелеринен алса болот.

Связанный пост