Баары үйлүү болот: Кербенде ипотекалык батирлер курулууда

 Баары үйлүү болот: Кербенде ипотекалык батирлер курулууда

Кербен шаарында жарандарды турак жай менен камсыз кылуу багытында масштабдуу иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, шаарда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай комплексинин курулушу улантылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы калкты жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экенин баса белгилеп, аймактарда дагы МИКтин линиясы боюнча жаңы көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын маалымдады.

Связанный пост