БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

– Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
– Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;
– Азербайжан Республикасынын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;
– Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;
– 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.

Связанный пост