Бүткүл дүйнөлүк саммиттин алкагында энергетика тармагы боюнча Меморандумга кол коюлду

 Бүткүл дүйнөлүк саммиттин алкагында энергетика тармагы боюнча Меморандумга кол коюлду

2023-жылдын 2-декабрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммиттин (COP28) алкагында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Électricité De France (EDF)франция энергетикалык компаниясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик Abu Dhabi Future Energy Company Pjsc – Masdar компаниясынын ортосунда энергетика тармагы боюнча Меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргызстан тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев, Masdar компаниясынын башкы операциялык директору Абдулазиз Алобаидли жана Électricité De France (EDF)франция энергетикалык компаниясынан Европа жана Борбор Азиядагы активдерди өнүктүрүү боюнча директору Эммануэль Шевенемэн кол коюшту.

Бул Меморандум Кыргыз Республикасындагы жалпы кубаттуулугу 3600 МВт болгон гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын долбоорлоруна инвестиция салуу жана энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө энергетика тармагы боюнча инвесторлор менен кызматташууга жана Кыргызстандын электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон потенциалына токтолуп өттү.

Ал эми кол койгон тараптар Кыргызстан менен кызматташууга жана документтеги долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин айтып өттү. Тараптар буга чейинки эки тааптууу дыкат сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде бүгүнкү келишимдерге кол коюлгандыгын баса белгилеп, Кыргыз Өкмөтүнө жана энергетика министри Таалайбек Ибраевге ыраазычылык билдиришти.

Связанный пост