Бүгүнтөн тарта лицензиясы жок таксисттер айыпка жыгылат

 Бүгүнтөн тарта лицензиясы жок таксисттер айыпка жыгылат

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында лицензиясы жок жүргүнчү ташыган таксисттерге карата айып пулдар салына баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 1-июлдан тарта такси кызматын көрсөтүү үчүн тиешелүү уруксат кагазы жок айдоочуларга административдик чаралар көрүлө баштады.

Тактап айтканда, белгиленген талап аткарылбаган учурда жеке жактарга 7 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Учурда өлкө боюнча “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чаралар жүрүп жатат.

ЖКККББдан белгилешкендей, лицензиясы жок айдоочулар дагы эле тиешелүү документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Жетишпей калгандар лицензия алуу үчүн кайрыла берсе болот. Анткени лицензия берүү токтотулган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Башкармалык айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү документтерди тариздеп алууга чакырат.

Связанный пост