Бүгүнкү күнгө карата 101 социалдык объект ачылууга даяр

Бүгүнкү күнгө карата 101 социалдык объект ачылууга даяр. Бул тууралуу Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы жатак мектебинин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жыл сайын өлкө боюнча 100 социалдык объекти пайдаланууга берүү тапшырмасын койгон.
Бүгүн жүздөн социалдык объекттин курулушу аяктап, колдонууга берилгени турат. Курулуш иштерине жалпысынан 9 млрд сом жумшалды. Мында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары бар, ошондой эле демөөрчүлөр да колдоо көрсөттү.