Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 4,2 миллиондон ашты

2025-жылдын 1-октябрына карата шайлоочулардын саны 4 миллион 287 миң адамды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Ал белгилегендей, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга ылайык, Кыргызстан 30 шайлоо округуна бөлүнгөн.
“Жогорудагы шайлоочулардын санын 30 округга бөлсө, орточо эсеп менен бир районго 142 миң 900 шайлоочу туура келет. Райондорду түзүүдө сөзсүз түрдө географиялык компоненттер эске алынган, мен жогоруда белгилегендей, райондордо шайлоочулардын саны ушундай болушу керек. Бирок биздин өлкөнүн парламенти кабыл алган конституциялык мыйзамда плюс же минус 20% четтөө чеги бар. Мыйзам чыгаруучу бул эрежени географиялык жайгашуу эске алынсын деп киргизген”, – деди ал.
Шайназаров Кара-Суу районун мисал катары келтирди. Анын айтымында, бул райондо шайлоочулардын саны болжол менен 250 миңге жетет. Ошондуктан Кара-Суунун айрым айыл аймактары Чоң-Алай жана Араван райондоруна, ал эми кээ бирлери Өзгөн районуна кошулган. Бишкек шаарына да дал ушундай эле ыкма колдонулган.
“Мисалы, айрым жергиликтүү аймактык башкаруулар Аламүдүн районуна кошулган, анткени административдик-аймактык реформадан кийин райондун көпчүлүк бөлүгү Бишкектин курамына киргизилген. Демек, Аламүдүн району шайлоочулардын саны боюнча кичирейген. Болжол менен 142 миң шайлоочунун стандартына жооп берүү үчүн бул калктуу конуштардын географиялык ордун сактоо менен айрым шайлоо участкаларын Бишкектен Аламүдүн районуна көчүрдүк. Ошентип, бул принцип бүтүндөй республика боюнча сакталып, ишке ашырылды”, – деп кошумчалады Борбордук шайлоо комиссиясынын төрөгасы.