Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 16 айыл чарба кластерлери түзүлгөн

 Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 16 айыл чарба кластерлери түзүлгөн

Бүгүнкү күндө 16 айыл чарба кластерлери түзүлгөн: сүт, эт, кант, жумуртка, жашылча-жемиш, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, балык, пахта, жүн, бал, буурчак жана жаңгак-жемиш өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш.
Кластердик өнүктүрүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
▶️ агроөнөр жай кластерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экономикалык потенциалын жогорулатуу, анын ичинде инновацияларга, технологияларга, адистештирилген кызмат көрсөтүүлөргө жана квалификациясы жогору болгон кадрларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
▶️тышкы экономикалык интеграцияны жакшыртуу жана глобалдык өндүрүштүк байланыштарга кошуу аркылуу агроөнөр жай кластерлеринин катышуучуларынын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
▶️ баалардын туруктуулугун камсыздоо, товарларды чекене сатууда улуттук азык-түлүк товарларынын үлүшүн жогорулатуу шарттарында айыл чарба продукциясынын, чийки зат жана азык-түлүк рынокторун жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.

2023-жылдын 1-октябрына карата 5286,5 млн сом 3899 субъектке берилген.

Связанный пост