Бүгүнкү күндө Бишкекте 54 конуш газдаштырылды

 Бүгүнкү күндө Бишкекте 54 конуш газдаштырылды

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 54 калктуу конуш газдаштырылып, 54 миңден ашык абонент газ тармагына кошулган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 33 миң үйдүн жылытуу системасы жаратылыш газына өткөрүлгөн.

Министрлер кабинетинин чечиминин алкагында жарандарга газдаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн 150 миң сомго чейинки өлчөмдө 3 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Буга чейин насыялар боюнча пайыздык чен 8
пайызды түзгөн.

Бул чара калкты жаратылыш газына өткөрүү иштерин кеңейтүүгө, ошондой эле абанын булганышын азайтууга багытталган. Калктуу конуштарды газдаштыруу иш-чараларын жүргүзүү көмүрдүн орточо жылдык керектөөсүн болжол менен 100 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк бернени маалым болду.

Связанный пост