Бүгүнкү күндө 291,2 миң тонна көмүр даярдалды 159,6% га аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинде экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси боюнча жыйын өттү.

КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү тууралуу баяндама жасады: “Кыргызстан боюнча электр энергиясын жалпы керектөө 17 млрд 400 млн кВ/с деңгээлинде пландаштырылууда. Ал эми 3,2 млрд кВ/с дефицит Түркмөнстандан, Казакстандан жана Россиядан импорттолот. Токтогул суу сактагычынын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 11,7 млрд куб метрди түзөт.

Калк үчүн көмүр камдоого план боюнча 182,5 миң тонна өлчөмүндөгү керектелген, бүгүнкү күндө 291,2 миң тонна көмүр даярдалды 159,6% га аткарылды, ал эми бюджеттик уюмдар үчүн 2023 – жылдын сентябрына карата план боюнча 51,1 миң тонна, 61,4 миң тонна көмүр даярдалды. Жалпы республика боюнча 390 миң абонемент газ менен жылытууга кошулган. Бардык ГЭСтерде оңдоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде ноябрга чейин Токтогул ГЭСинин 2 агрегаты пайдаланууга берилет, ири трансформатордук көмөкчордондордун кубаттуулугу жогорулайт”.

Өз сөзүндө министр белгилегендей, эгерде керектөөчүлөр техникалык шарттарда белгиленген эрежелерди сактабаса, анда жөнгө салуу иш-чаралары жүргүзүлөт: “Бул калган керектөөчүлөрдү электр жарыгысыз калтырбоо үчүн аргасыз чара болот, ошондуктан ар бир жаран техникалык шарттарда белгиленген ченемдерди сакташы керек. Трансформаторлор жана жабдуулар көп акча талап кылат, оор жүктөрдө авариялар болушу мүмкүн, биз мындай тобокелге бара албайбыз”.

Ал ошондой эле Энергетика министрлигинин электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча пландары тууралуу маалымат берип, республикада бир катар чакан жана орто ГЭСтерди куруу пландалып жатканын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин төрагасы энергетика тармагында эбегейсиз зор иштер жүрүп жатканын белгиледи: ГЭСтер курулуп, энергетикалык жабдуулар оңдолуп жатат, трансформаторлор жаңыланууда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн инвесторлор тартылууда, шамал жана күн станцияларын куруу, энергетика 24/7 иштеп жатат.

Ал ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырып, республиканын ар бир жараны, өзгөчө мамлекеттик мекемелер, мектептер, ооруканалар кышка даяр болушу керектигин белгиледи.

Связанный пост