Бүгүндөн тарта өлкөдө эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

 Бүгүндөн тарта өлкөдө эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда бүгүн, 11-августтан тарта эттин баасын туруктуу кармоо максатында мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, жөнгө салуу 90 калндердык күн мөөнөткө белгиленди.

 

жөнгө салууну киргизүү эттин (уй жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн эттин баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

 

Бул чечим:

 

“Баалоо жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгү жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна;

министрлер кабинетинин “Социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуу жөнүндө” 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомунун 6-пунктунун 1-абзацына;

министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Экономика министрлигинин жобосунун 12-пунктунун 1-абзацына ылайык кабыл алынган.

Бааны көзөмөлдөө жана жөнгө салуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик бааны жөнгө салуунун бекитилген тартибине ылайык жүргүзүлөт.

 

Буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде Монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баалоо башкармалыгы:

 

аткаруу үчүн буйруктун көчүрмөсүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жөнөтүүнү;

буйрукту Экономика министрлигинин расмий сайтына жарыялоону;

белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык комиссияга маалымдоону;

маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсүн КР президенттик администрациясына жөнөтүүнү камсыз кылат.

Связанный пост