Бүгүн президент өз тармагында өзгөчөлөнгөндөргө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
![Бүгүн президент өз тармагында өзгөчөлөнгөндөргө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/d40f0aaf-8b58-428c-9a07-85fe805951cc.730x0.jpeg)
Бүгүн, 2-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.
Жарандарга сыйлыктарды тапшыруу эки бөлүктөн турат. Башталышы саат 10:00 жана 16:00дө.