Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн акчаны кымырып алган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышты

 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн акчаны кымырып алган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышты

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга багышталган акчаны кымырып алган кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышты. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Талас областтык прокуратурасы тарабынан жарды үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багышталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттардын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын беш кызмат адамы жана «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Талас райондук филиалынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 346 (“Кызматтык жасалмачылык”), 379 (“Документтердин жасалмасын жасоо”) беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.

Айыпталуучулар тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Связанный пост