“Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 3,9 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

 “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 3,9 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

26-сентябргаа карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 9 миң 914 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилди.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы 3 млрд 924 млн 484 миң сом насыя берилди.

 

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 440 млн 230 миң сомго 1 341 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

 

“Айыл Банк” ААК – 216 млн 370 миң сомго 672 насыя;

“Элдик Банк” ААК – 223 млн 860 миң сомго 669 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 484 млн 253 миң сомго 8 573 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

 

“Айыл Банк” ААК – 1млрд 721 млн 363 миң сомго 4 295 насыя;

“Элдик Банк” ААК – 1 млрд 762 млн 890 миң сомго 4 278 насыя.

Связанный пост