Бишкек шаарында 124 автобус айдоочусу жол эрежесинен экзамен тапшыра алган жок. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, автобустардын катышуусунда катталган жол кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте автобус айдоочуларынан жол эрежеси боюнча шаардык “Унаа” мекемесинде экзамен алышты. […]Читать далее
“Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнө баа берүү” аталышында 12-мартта Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин катышуусунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууну камсыз кылуу […]Читать далее
Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектептин курулушу башталды. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, эки кабаттуу мектеп тогуз блоктон турат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 гектарды тузт. 22 окуу класс каралган, анын алтысы башталгыч класстарга жана он алтысы жогорку класстарга арналган. Имарат өзүнө окуу класстарын, спорттук зал, ашкана, стоматологиялык кабинет, балдар өнөрканасын, китепкана, конференц-зал […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААК жана China Minxin Foundry ЖЧКсы “Кыргызкентех” биргелешкен ишканасын түзүштү. Бул тууралуу “Кыргызиндустриядан” билдиришти. Маалыматка ылайык, “Кыргызиндустриянын” жаңы туунду ишканасы майдалоочу шарларды чыгарат, андан тышкары, металл куюу тармагын өнүктүрүү пландалууда.Читать далее
Президенттин Администрациясында бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун жетекчилиги алдында өлкөдө бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Отурумга министрлердин жана мамлекеттик мекемелердин башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана басма сөз катчылар катышты. Жыйында мамлекеттик органдардын аткарып жаткан ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде туура жеткирүү, мамлекеттик кызматкерлер менен коомдун ортосундагы байланышты […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган делегациясын кабыл алды. Анда адам органдарын трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, саламаттык сактоо уюмдарында жогорку технологиялык дарылоону киргизүү, ошондой эле Кыргызстанда өлүмдүн санын азайтууга багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу боюнча келечек пландар талкууланды. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы республикада адам органдарын […]Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. Атайын кызматтын билдирүүсүнө таянсак, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды […]Читать далее
Кыргызстанда ирригациялык системаларды сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча миллион гектардан ашык сугат жерлер бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жерди насостук станциялар ным менен камсыз кылууда. Республика боюнча жалпы 120 насостук станцияга 365 насостук агрегат […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер кабинетинин башчысы Бакытжан Сагинтаевди Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, көп жылдык тажрыйба жана биримдиктин учурдагы өнүгүүсүнүн бардык аспектилерин билүүсү, ЕАЭБдин потенциалын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Бакытжан Сагинтаевди бул жогорку […]Читать далее