Укук тартиби

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, кызматкерлер оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен. Ошентип, алты эксперт-дарыгер “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун […]Читать далее

Коом

Кыргызстандыктардын жаңы жылдык каникулун узартуу сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “2026-жылдагы жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу жөнүндө” министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, 2026-жылдын 8 жана 9-январындагы жумуш күндөрүн башка ишемби күндөрүнө — тиешелүүлүгүнө жараша 7-февраль жана 25-апрель күндөрүнө жылдыруу сунушталууда. Бул чара Кыргызстандыктардын жаңы жылдык эс алуусун 12-январга чейин узартууга мүмкүндүк берет. Министрлик бул […]Читать далее

Экономика

2026-жылы Кыргызстан үчүн электромобилдерге бажы салыктары жоюлат

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш 2026-жылы Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз алып кирүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди. Чечимге ылайык, Кыргызстан 15 миңге чейин электр транспортун (анын ичинде “таза электр унаалары” жана “ырааттуу гибриддер” – ТН ВЭД ЕАЭБ 8703 80 000 5 коду) бажы алымысыз алып кирүүгө квота алды. Жеңилдик […]Читать далее

Министрлер кабинети

2026-жылга Кыргызстан электромобиль ташып келүүгө 15 миң квота алды

ЕАЭБ аймагында электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттарына (гибриддик жана электр унаалары) импорттук бажы төлөмүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктер боюнча Кыргызстан колдонуудагы квотаны өздөштүрүүгө байланыштуу үстүбүздөгү жылга тарифтик жеңилдиктерди кеңейтүүнү жана 15 миң даанага чейин көбөйтүү сунушу кабыл алынды. Мындай чечимге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Россиянын Москва шаарында өткөн жыйында кол коюлду. Мындан тышкары ЕӨАКнын […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык байланышты арттырат

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюичи менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, министр Бакыт Сыдыков Хирано Рюичини элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, Япония Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук жана ишенимдүү мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, инвесторлордун жана ишкер чөйрөлөрдүн иши үчүн шарттарды түзө турган […]Читать далее

Коом

Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Кыргызстандын тарых илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясынын долбоору сунушталып, талкууланды. Анда ата мекендик тарых илимин мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, максаттары жана механизмдери аныкталган. Россия президентинин алдындагы Тарыхый агартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы менен учурдагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө […]Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Түркмөнстандын Президенттери жолугушту

Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуусу өттү. Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды. Өз ара кызматташуунун динамикалуу өнүгүшү жана эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли белгиленди. Президент Сердар Бердымухамедов Ашхабадда Президент Садыр Жапаровду тосуп алып, Кыргыз Республикасынын Президентине форумга катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу боюнча иш сапары менен Ашхабад шаарына барды. Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнстандын борборунун эл аралык аэропортуна конду. Эл аралык аэропортто форумга катышуучу өлкөлөрдүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Саламдашуудан кийин улуттук кийимчен улан-кыздар мамлекет башчысына гүл жана нан менен туз тартуулашты. Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Халк […]Читать далее

Министрлер кабинети

А. Касымалиев Армения жана Беларусь менен сооданын потенциалы жетишсиз ачылганын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев сөзүнүн башында, Беларусь Республикасынын төрагалыгы биримдиктин 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун акыркы жылына туш келгенин баса белгилеп, өтүп бара жаткан жылдагы жогорку натыйжалуулукту жана ырааттуулукту […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты. Тар чөйрөдөгү жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын расмий учурашуусу болду. Андан соң тар курамдагы жыйында бир катар маселелер анын ичинде, 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиянын ишке ашыруунун акыркы жылындагы […]Читать далее