Ат-Башыда “Кыргыз даамы” этнофестивалы өттү

Кыргыз элинин улуттук ашканасын сактоо, өнүктүрүү жана аны даңазалоо максатында “Кыргыз даамы” этнофестивалы Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана сырттан барган коноктор катышышты.
Фестивалга катышкан министрдин орун басары Марат Тагаев өтүп жаткан этнофестивалдын маанисине токтолуп, кыргыз элинин көөнөрбөс улуттук баалулуктарын сактоодо жана жайылтууда фестивалдын мааниси зор экенин баса белгиледи.
Ал эми, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов улуттук баалуулуктарды эл аралык деңгээлге чыгарып, аны жайылтуу керектигин билдирди.
Фестивалдын көшөгөсү Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин 40 окуучусу аткарган “Машботой” күүсү менен ачылып, улуттук баалуулуктардын көргөзмөсү жана сынагы менен коштолду. Бишкек шаарынан Асанхан Жумакматов атындагы симфониялык оркестри барып концерттик программа тартуулап, фестивалдын көркүнө көрк кошту.
Ошондой эле, театралдаштырылган оюн-зоок жана улуу кыргыз көчү көрсөтүлдү.
Иш чарада ондогон боз-үйлөр тигилип, алты бакан, селкинчек, ж.б. бир катар кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду.
Фестивалдын жүрүшүндө көз жоосун алган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да орун алды. Анда Ат-Башылык уз чеберлердин кол эмгегинен даярдалган шырдак, жер төшөк жана түрдүү буюм-тайымдар коюлду. Мындан сырткары өрмөк согуу боюнча мастер класстар көрсөтүлдү.
“Кымыз” сынагынын жеңүүчүлөрү
Кыргыздын улуттук суусундугу “Кымыз” сынагында 4 номинация орун алды.
“Мыкты кымыз”- Ача-Кайыңдыды айылынан Зуура Мааткабылова 5000сом.
“Нак кымыз”- Ак-Моюн айылы Чолпонай Сагындыкова 5000сом.
“Саамал кымыз”- Ат-Башы айыл өкмөтү, Айым Касымбекова 5000сом.
Ал эми “Бал кымыз” номинациясы боюнча
“Май кымыз”- Баш-Кайыңды.
“Тоо кымыз”- Ат-Башы айыл өкмөтү.
“Ак бал”- Ат- Башы айыл өкмөтү акчалай жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Улуттук даамдын 200дөн ашык түрү коюлду
Фестивалда улуттук тамак- аштын 200дөн ашык түрү көргөзмөдөн орун алды. Суусундуктардан сырткары унутта калган “Калменте”, “Жан азык, ж.б. ата-бабалардын жол азыгы болуп келген токочтор жана эт азыктары меймандарды таң калдырды.
Улуттук тамак-аш көргөзмөсүндө 1-орунду Ат-Башы айыл өкмөтү 15миң сом, 2-орун Ак-Моюн айылы 12миң сом ал эми 3-орунду Казыбек айылы 8миң сом менен сыйланды. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка Ат-Башы айылындагы үч бала бакчага жана Башкайынды айылына 2500сомдон 5миң сом берилди.
Сүрөтчүлөр көргөзмөсү
Сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө 7 жаштан 25 жашка чейинки 11 улан-кыз катышып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын кагаз бетине түшүрдү. Ал эми кыргыз эл сүрөтчүсү Асан Турусбековдун эмгектери көргөзмөдөн орун алып, жаш сүрөтчүлөргө дем берди. Соңунда алардын чыгармачылыгы бааланып, ар бирине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Күчтүүлөрдүн күч сынашы
Фестивалдын жүрүшү улуттук оюндар менен өттү. Анда кыргыз күрөш, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча балбандар күч сынашып, алдыңкылар акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми командалык эсепте 1-орунду Баш-Кайыңды айылынын азаматтары камсыздашты.

Связанный пост