Ат-Башы районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими алынды

 Ат-Башы районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими алынды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, аба-ырайы турукташып жааган карлар ээрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлгандыгына байланыштуу көзөмөл жергиликтүү бийликке жүктөлүп, куткаруучулардын жардамына муктаждык жок экенин билдирген.
Мындан улам Ат-Башы РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде 5-майдан тарта “Өзгөчө кырдаал” режими алынды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 2-3-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, калың жааган кардын кесепетинен жайлоо-кыштоолордо мал-жандыктар тоютсуз калышкан. Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жем-чөп жеткирилген.

Связанный пост