Ат-Башы районунда 100 гектар жерге чычырканак айдоо пландалууда

 Ат-Башы районунда 100 гектар жерге чычырканак айдоо пландалууда
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Караташ участогундагы “Нур” кооперативи Япон ишкерлери менен биргеликте 100 гектар жерге чычырканак айдоону пландап жатат.  Бул  долбоор Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо  департаментинин адистеринин көмөгү менен жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө иштер башталып, көчөттө алынып келинип, 1000 көчөт отургузулду.  Кооперативдин бул демилгеси жергиликтүү айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы жандандырууга өз пайдасын тийгизет.
Ушул  эле мезгилде, чычырканактын сапатын жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды өстүрүү максатында департаментинин адистери тарабынан техникалык жана кеңеш берүүчү колдоо көрсөтүлөт.  Бул иш-аракеттердин жыйынтыгы айылдын айыл чарба  долбоорлорунун өсүүсүнө салым кошот.

Связанный пост