Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 248 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 248 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны 73 субъект алды.
Насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу берилүүдө, аларды кредиттөөнүн суммасы 1 849,56 млн. сом.
Белгилей кетсек, азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен “Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору бекитилген.