Астанадагы форумда Бишкектин инвестициялык потенциалы тааныштырылды

 Астанадагы форумда Бишкектин инвестициялык потенциалы тааныштырылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек ЖунушалиевбБүгүн Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” экинчи өнөр жай-инвестициялык форумуна катышты.

Мэриядан билдиришкендей, форумдун пленардык жыйынынын алкагында мэр Бишкек шаарынын инвестициялык потенциалы тууралуу презентация жасап, жагымдуу инвестициялык климатты жана туруктуу шаардык чөйрөнү түзүү боюнча мэриянын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Мэрдин сөзүндө өзгөчө көңүл мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечегине, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги инвесторлорду колдоо чараларына бурулду.

Форумга катышуу Бишкекти динамикалуу өнүгүп жаткан, эл аралык кызматташууга жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартууга ачык мегаполис катары көрсөтүүгө, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын бизнес, эл аралык каржы институттары жана тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен түз байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк болду.

“Борбор Азия-Кытай” форуму экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө, биргелешкен өнөр-жай жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү абройлуу аймактык аянтча болуп саналат.

Связанный пост