Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болду
Астана шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны кеңейтилген курамда болуп өттү.
Отурум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында болду.
Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын белгиленип, приоритеттүү тармактар аныкталып жатканын айтып сөзүн баштады.
“Соңку жылдары Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жетип, ынак коңшулуктан ишенимдүү союздаштыкка айланды. Мунун баары мамлекет башчыларыбыздын саясий эркине ылайык ишке ашып жаткандыгын белгилейм”, — деди ал.
Соода жана инвестиция жаатында эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканы белгиледи. Маселен, ушул жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көбөйдү. Ал эми ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандан Кыргызстанга түз инвестициялардын келиши дээрлик 64 млн долларды түзгөн.
“Бул Казакстандын бизнес чөйрөсүнүн Кыргызстанга болгон ишенимин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кеңдигин айгинелейт. Ошол эле учурда биз өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгара турган бир катар маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл”, — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык отурумунун жүрүшүндө бир катар тармактарда кызматташуунун актуалдуу багыттары белгиленди.
Маселен, чек ара аймагында Индустриялык соода-логистикалык комплексин жана Алматы облусунда мөмө-жемиштер менен жашылчаларды сактоого арналган Дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү. Бул долбоор айыл чарба продукциясынын үзгүлтүксүз жеткирүүсүн камсыз кылат.
Ошондой эле, Казакстандын Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жеткирүү механизмин иштеп чыгуу.
Мындан тышкары, эки тараптуу соодага олуттуу дем бере турган “Кичи-Капка – Бесагаш”, “Ак-Тилек – Карасуу” жана “Каркыра – Кеген” көзөмөл өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, ошондой эле “Төмөнкү-Чүй – Ак-Суу” пунктунун ишин калыбына келтирүү.
Отурумда тараптар эки тараптуу соода жүгүртүүнү активдештирүүгө жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө жараткан региондор аралык байланышты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолушуп, бул багытта тиешелүү иштер активдешээрин кошумчалашты.
Ал эми Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстан менен биргеликте мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетип, болгон милдеттерин иш жүзүндө ишке ашырып, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык макулдашууларды алдыга жылдыруу боюнча максималдуу күч-аракетин жумшаарын билдирди.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн соода жүгүртүү, экономика, суу ресурстары, энергетика тармактарындагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн баяндамалары угулду.
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын соңунда тараптар отурумдун Протоколуна кол коюшту. Протоколдо соода-экономика, инвестиция, суу-энергетика, маданият жана туризм тармагындагы кызматташуу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтык жөнүндө маселелери каралган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Казакстан Республикасына үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрына белгиленген жумуш сапары аяктады.