Астанада II Казак-Кыргыз жаштар форуму өтүүдө

Бүгүн Казакстанстандын Астана шаарында II Казак-Кыргыз жаштар форумунун ачылыш аземи өттү, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

 

Форумга эки өлкөнүн активдүү жаштары катышууда.

 

Кыргызстандын делегациясын маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев баштап барган. Алардын катарындамаданият, ыктыярчылык, жасалма интеллект, экология, блогерлик, жаштар саясаты жана актуалдуу тармактарда жигердүү эмгектенип, ийгилик жаратышкан 30га жакын лидер жаштар бар.

 

Форумдун жүрүшүндө дказак-кыргыз жаштары “Климаттык активдүүлүк-эки өлкөнүн жаштарын баш коштуруунун куралы катары”, “Санариптик келечек: Казакстан жана Кыргызстандын жаштары үчүн заманбап тренддер жана мүмкүнчүлүктөр”, Казакстан менен Кыргызстандын маданият жаатындагы кызматташтыгы ж.б. темаларда баяндама жасашып, “Блогерлик”, “Ыктыярчылык”, “Жаш мамлекеттик кызматкерлер”, “Креативдик индустрия” ж.б. багыттары боюнча диалогдук аянтчада пикир алышышты.

 

Форумдун соңунда катышуучуларга “Тынчтык жана Ынтымак сарайында” гала-концерт тартууланды.

 

Форум эртең, 19-апрелде да уланат.

 

Иш-чара Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган.

 

Анын максаты — маданий алмашууга көмөктөшүү, эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле жашыл, санариптик жана креативдүү экономика жаатындагы кызматташтыкты илгерилетүү болуп саналат.

Связанный пост