Астана – Бишкек түз аба каттамы ачылды

QAZAQ AIR компаниясы Астана менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрдан тарта аба каттамдары жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү ишке ашырылат.
Графиги: Астана 14:00 → Бишкек 16:50 / Бишкек 17:50 → Астана 19:00
QAZAQ AIR белгилегендей, авиакомпаниянын Борбор Азияга каттам тармагын кеңейтүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин туризм, соода, билим берүү жана маданий программаларды өнүктүрүүгө дем берүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты кеңейтүү боюнча стратегиялык демилгесин ишке ашырууга багытталган.