«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча биринчи каттам аткарды

«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча биринчи каттам аткарды. Бул тууралуу “Манас Эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы маалымдады.

 

Билеттердин баалары 2200 сомдон башталып, учуу убактысы – 45 мүнөт түзөт. Бул багыттагы аба каттамдарын жандандыруу биздин биргелешкен аракетибиздин жана Кыргызстандын Президентинин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

1984-жылы ачылган «Талас» аэропорту өлкөнүн транспорттук инфраструктурасында көптөн бери маанилүү роль ойноп, ички каттамдарды тейлеп келет. Эгемендүүлүк алгандан бери биз тейлөө сапатын жогорулатуу жана каттам тармагын кеңейтүү үчүн аэропортту өнүктүрүү боюнча иштерди улантып келебиз.

 

Таласка аба каттамдарынын жанданышы биздин жүргүнчүлөр үчүн гана ыңгайлуу болбостон, аймактын экономикалык жактан өнүгүүсүнө, шаарлар ортосундагы байланышты чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бул окуя Кыргызстандын авиациялык кызматтарын өнүктүрүүдө олуттуу кадам болот деп ишенебиз.

 

Белгилей кетсек, «Талас» аэропортунда жүргүнчүлөрдүн каттамдары мындан 30 жыл мурун токтогон.

Связанный пост