Аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ипотекалык насыяларына компенсация төлөнөт

 Аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ипотекалык насыяларына компенсация төлөнөт

Аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ипотекалык насыясына компенсациялык төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө жобо бекитилди.

Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатын көздөгөн жобо Министрлер кабинетинин 5-сентябрдагы № 562 токтому менен бекиди.

Компенсанциялар төмөндөгүдөй колдонулат:

2025-жылдын 1-июлуна чейин коммерциялык банктар же Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу ипотекалык кредит алган кызматкерлерге;

2025-жылдын 2-июлунан тартып ипотеканы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу алган кызматкерлерге.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып, он күндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост