Аскер прокуратурасы тарабынан аскер кызматкерлери кармалды

 Аскер прокуратурасы тарабынан аскер кызматкерлери кармалды
Коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондук комиссариаттарында кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада шектүү кызмат адамдары кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул райондук комиссариаттардын кызматкерлери мыйзамсыз жол менен аскердик кызматтан бошотуу үчүн чакырылуучулардан жана алардын жакындарынан системалуу түрдө акча алып келишкени, ошондой эле мобилизациялык резервдин тизмесине катышуучуларды киргизүү үчүн пара талап кылышкандыктары аныкталды.
Кылмыш иштин тергөөсү Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Связанный пост