Аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигине караштуу аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башында кылмыштуу топтун 10дон ашуун мүчөсү борбор калаадагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин күч колдонуу жана коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражаттарын тартып алышкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында ИИМдин атайын каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Т.К.И. аттуу жарандын катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Кылмыш иштин алкагында шектүү катары сегиз адам кармалып, алардын үчөө аскер кызматкерлери болгондугу такталды.
Учурда кылмыш иштин тергөөсү уланууда.