Асель Чынбаева КМШга мүчө мамлекеттеринин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу комиссиясынын биринчи отурумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева видеоконференц-байланыш форматында КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендердин) комиссиясынын Москва шаарындагы КМШ Аткаруу комитетинин Москва бөлүмүндө өткөн биринчи отурумуна катышты.

Жыйынга чогулгандар тарабынан Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова Комиссиянын төрагасы болуп бекитилди.

Жыйындын жүрүшүндө Комиссия мүчөлөрү балдардын укуктарын коргоонун заманбап көйгөйлөрү жана бул маселеде жарандык коом түзүмдөрүнүн ролу, миграция шартында балдарга жардам берүү, Сирия жана Ирак аймагындагы куралдуу жаңжал аймагынан балдарды мекенине кайтаруу, аларды реабилитациялоо жана ресоциалдаштыруу маселелери боюнча өз ара аракеттешүү тууралуу бир катар маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле Комиссия мүчөлөрү балдардын укуктарын коргоо, жашы жете электердин киберкоопсуздугу чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбалар тууралуу маалымат алмашты.

Бул маанилүү маселелерди талкуулоого Кыргыз Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Тажикстан Республикасынан комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Связанный пост