“Асанбай” сейил багын жаңылоо максатында вице-мэр тургундар менен жолугушту
Вице-мэр аталган паркты модернизациялоо маселелери боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бүгүнкү күндө сейил бак көңүл кейитерлик абалда болгондуктан, ал жерде жашыл бак-дарактарга зыян келтирбестен капиталдык ремонт жүргүзүү керек. Аттракциондорду жаңыртуу, аймакты көрктөндүрүү ж. б. пландалууда.
Мындан тышкары, парктын аймагында эч кандай уруксат берүүчү документтери жок орнотулган (тургузулган) мыйзамсыз курулуштар бар.
Эске салсак, буга чейин «Бишкек шаарынын 125-жылдыгы атындагы (Асанбай) сейил багын модернизациялоо» долбоору боюнча жеке өнөктү тандоо сынагына катышуу үчүн борбордук мэриянын Мунципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин тарабынан квалификациялык суроо-талап жарыяланган.
Бул долбоор шаар тургундары жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында сейил бактын инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону карайт.