Артем Новиков Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп кайрадан дайындалды
Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Башкармасынын Төрагасы болуп 2024-жылдын 21-майынан тартып, 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. |