Арстан Алайдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура кызмат адамдарга карата кылмыш ишин козгоду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан А.Абдылдаевдин (Арстан Алай) каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду.
Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарбай, айыпкер А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында 2024-жылдын 5-январында 31-мекемесинде А.Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына тапшырылды.