Анджей Дуда Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

 Анджей Дуда Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Жаңы жыл майрамына карата Польша элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына эң жакшы каалоолорду каалайм. Жаңы жыл бардыгыңыздарга гүлдөп-өнүгүүнү, ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелердин мындан ары өнүгүшүн жана эл аралык коомчулуктун бекемделишин алып келсин”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост