Амангелдиев Венгриянын улуттук экономика министри менен кызматташтыкты талкуулады
Венгрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын улуттук экономика министри Мартон Надь менен жолугушту.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, логистикалык жана миграциялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана эки мамлекет башчыларынын колдоосуна негизделген кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана изги каалоолорун айтты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагы талкууланды.
Фонддун алкагында долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары болуп айыл чарба жана энергетика тармагы саналат.
Буга байланыштуу кыргыз тарап даярдаган долбоорлорду карап чыгууга Венгрия тарап менен макулдашууга жетишилди.
Тараптар Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 34 млн АКШ долларына көбөйтүүнү эске алуу менен анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Данияр Амангелдиев бул каражаттарды натыйжалуу пайдалануу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык мамилелерди чыңдоого көмөктөшүүчү стратегиялык маанилүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы перспективаларды ачарына ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле «Кыргыз Республикасынын соода компаниясы» ААКтын ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечеги талкууланды.
Мындан тышкары Данияр Амангелдиев эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча мындан ары биргелешкен системалуу иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Эмгек миграциясы чөйрөсүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Венгрияда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты жана бул маселенин маңызы боюнча тиешелүү макулдашууну түзүү боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Мартон Надь өз кезегинде «Кыргызстан Венгриянын досу» экенин белгилеп, венгриялык тарап эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консулу Эндре Эрдош катышты.