Алжирдин Президенти Абдельмаджид Теббун Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдельмаджид Теббун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Алжир элинин жана Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү каалайм.
Мен ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилелерди чыңдоого жана элдерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө көмөктөшүүгө даяр экенимди ырастагым келет”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.