Алыскы Сары-Жаз өрөөнүндөгү жайыттардын жолдору оңдолууда

Облус жетекчиси Илияз Иманбетовдун тапшырмасы менен алыскы жана жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду оӊдоп түзөөдө район жетекчилери, тийиштүү мекеме ишканалары айыл өкмөттөрү, айыл башчылар, жайыт комитеттери тиешелүү иш алып барууда.
Иштин жүрүшү менен Ак-Суу район жетекчилиги, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы райондогу жетекчиси барып көрүп, жетишпеген техника, күйүүчү каражаттар менен камсыздоо колго алынууда.
Суу жеп кеткен, Сары-Жаз өрөөнүндөгү Куюлма участкасында, Кайыңды тараптагы Эшилме участкаларында болжолдуу 40 км жолдор оӊдолду, азыркы тапта көпүрө оӊдолуп жатат.
Бул үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу аркылуу каржыланып алыскы жайыттардын жолдорун оӊдоого алынган фронталдык погрузчик иштерди жүргүзүүдө.

Связанный пост