“Алыш” белбоо күрөшү боюнча курама команда Бүтул Дүйнөлүк оюндарда 5 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын “Алыш” белбоо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда 5 медаль (3 алтын, 2 коло) жеңди.
90 кг чейинки салмак категориясында Азизхан Мусабек уулу, 70 кг чейинки салмакта Марлен Абдрасулов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 80 кг чейинки салмакта Элдияр Сексенбаев коло медаль тагынды.
Кыз-келиндер арасында 55 кг чейинки салмакта Элзада Момунжанова алтын медалга ээ болсо, ал эми 65 кг чейинки салмак даражасында Аземи Камчыбекова 3-орунду камсыз кылды.
Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.