Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө.