Алты айда Кыргызстандан 28 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди

 Алты айда Кыргызстандан 28 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди

Алты айда Кыргызстандын 28 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ошнетип, Кыргызстандын ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген ишканаларынын жалпы саны 462ге жетти.

ЕАЭБдин талаптарына жооп берген бул ишканалардын арасында сүт, эт, балык, бал, канаттуу жана башка мал чарба азыктарын өндүрүп, кайра иштетүү жана сактоо менен алектенгендер бар.

Тактап айтканда:

  • сүт азыктарын өндүрүүчү – 44 ишкана;
  • бал өндүрүү жана сатуучу – 72 ишкана;
  • балык өстүрүү жана кайра иштетүүчү – 46 ишкана;
  • эт азыктарын өндүрүүчү – 25 ишкана;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуучу – 141 ишкана.

Мындан тышкары, Кыргызстандын мал чарба продукцияларын Кытайга экспорттоого уруксат алган алты ишкана Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын расмий реестринде катталды.

Ошондой эле Кытайга экспорттоого даяр болгон 37 кыргыз ишканасы аттестациядан өттү. Алардын арасында:

  • сүт азыктары боюнча – 13;
  • аарычылык – 12;
  • азык-түлүк эмес мал чарба продукциялары – 9;
  • аквакультура багытында – 3 ишкана бар.

Өзбекстанга багытталган экспорттук мүмкүнчүлүктөр да кеңейүүдө. Быйыл Өзбекстандын расмий реестрине кирген дагы бир кыргыз ишканасы бул багытта иш алып барууда. Бүгүнкү күндө мал чарба продукциясын өндүрүп, кайра иштетип, Өзбекстанга экспорттоо үчүн аттестациядан өткөн кыргыз ишканаларынын саны 50гө жетти.

  • сүт азыктары – 18 ишкана;
  • аарычылык – 11 ишкана;
  • эт – 11 ишкана;
  • балык – 11 ишкана.

Мындан тышкары, Түркиянын тиешелүү органы тарабынан Кыргызстандын 12 ишканасы реестрге киргизилди.

Бул дагы Кыргызстандын экспорттук географиясынын кеңейишине өбөлгө түзөт.

Связанный пост