Алты айда Чүй облусу 1,3 млрд сомго каржыланды
2024-жылдын 6 айында Чүй облусуна 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 346,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган:
теңдөөчү трансферт – 130,3 млн сом
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 52,6 млн сом;
электр энергия болгон 50% компенсациясына – 9 млн сом;
Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен – 162,6 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө 500 млн сом жана Токмок шаарын өнүктүрүүгө 500 млн сом каржыланды