Алманын кирешесин арттыруу үчүн аймакта тийиштүү шарттар түзүлгөн

 Алманын кирешесин арттыруу үчүн аймакта тийиштүү шарттар түзүлгөн

Баткен облусу боюнча жалпы 2465 га алма бак бар. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Быйылкы алынган түшүм 17420,9 тоннаны түздү. Бүгүнкү күндө ички базарларда 1 кг алма 25-30 сомдон, жерге түшкөн майда алмалар 1,5-2 сомдон сатылууда.

 

2692 тонна алма, 1 кг 50 сомдун тегерегинде Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолду.

 

Жалпы облус боюнча 43 алма сактоочу жайларда 2000 тоннадан ашык алма сакталууда. Аларды суроо талапка жараша,баа жогорулаган мезгилде сатууга жана экспорттоого болот.

 

Кызыл-Кыя шаарында сок чыгаруучу 2 цех иштеп жатат.Жерге түшкөн майда алмаларды багбандар аталган ишканага тапшырса болот.

 

Бүгүнкү күндө облуста дүйнөлүк рынок талап кылган жогорку сапаттагы, экологиялык жактан таза мөмө жемиштерди өстүрүү жана экспорттоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.

 

Биологиялык жер семирткичтер менен зыянкечкерге каршы каражаттарды өндүрүүчү биофабрика жана экспортко чыгуучу продукцияга сертификат берүүчү, өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы пайдаланууга берилген.

 

Дыйкан, фермерлер, ишкерлер бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, кирешесин арттырууга болот.

 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызмат

Связанный пост