Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, жүргүзүлүп жаткан жумуштар сапаттуу жана белгиленген мөөнөтү бүткөрүү зарылчылыгын белгиледи.
Бакытбек Жетигенов буга чейин 4-майда аталган айылдын жашоочулары менен жолугушуп, айыл жашоочуларынын мектеп куруу боюнча суранычын орундатууда жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтөөрүн билдирген.
Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектеп имараты 150 окуучу орунга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл болгон бардык нерселер болот.
Имаратты келерки жылдын аягында пайдаланууга берүү болжолдонууда.

Связанный пост