“Альфа Телеком” (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок – Султанбаев

 “Альфа Телеком” (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок – Султанбаев
“Альфа Телеком” (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазды.
“Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө”, – деп белгиледи Султанбаев.

Связанный пост