Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Мен мамилелерибиздин тереңдешине кубанычтамын жана Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташуунун бекемделишин баалайм. Өткөн жылдын ноябрында Венага болгон Сиздин сапарыңыз жана биздин маңыздуу маектешүүлөрүбүз эки жактуу алакаларыбызды мындан аркы чыңдоого жана активдешүүсүнө сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго жеке бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине бактылуу келечек каалады.