Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз.
Сиздер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү, жарандардын бакубаттуулугун жана жашоо сапатын жогорулатуу жаатындагы ийгиликтери менен сыймыктана аласыздар.
Өткөн он жылдыктарда Бишкек Минсктин маанилүү өнөктөшүнө айланды, анын ичинде интеграциялык аянтчаларда жана эл аралык уюмдарда. Беларус-кыргыз кызматташтыгынын бардык деңгээлде кеңейиши конкреттүү жана сезилерлик натыйжаларды – өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшүн алып келүүдө.
Элдерибиздин колдоосу менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык негизги багыттары боюнча жетишкендиктерди арттырып, жаңы ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыра алабыз деп ишенем.
Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине чын жүрөктөн бекем ден соолук, ийгиликтерди, тынчтык жана бактылуу жашоо каалайм», – деп айтылат телеграммада.